Вы сейчас просматриваете “Мисс & Мистер КУАУ-2022”

“Мисс & Мистер КУАУ-2022”

2022-жылдын 14-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУда “Мисс & Мистер КУАУ-2022” аттуу студенттер арасында сулуулук сынагы болуп өттү.  Сынак: саламдашуу, өз өнөрүн  тартуулоо, мода көрсөтүү,  автордук видео-роликтер, интеллектуалдык суроолорго жооп берүүдөн туруп, ар бир факультеттен 1 мырза-студент, 1 айым-студент катышышты.

 1-орун “Мисс & Мистер КУАУ-2022”  Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин 4-курсунун студенттери: Туташова Ширин, Султанбаев Арлен;

2-орун  “I вице Мисс & Мистер КУАУ -2022” Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 3-курсунун студенти Касиянова Айгерим, 1-курсунун студенти Жунусакунов Акжол;

3-орун “II вице Мисс & Мистер КУАУ- 2022”  Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун 3-курсунун студентери: Аскарбекова Элиза, Айтбай уулу Кылымбек  ээ болушту.

Ар бир катышуучуларга: SAFE.TRAVEL.KG тур компаниясынанан Кыргызстандын кереметүү жерлерине жолдомо, KURUT.KG.BRAND компаниясынан тамак-аш азыктары тартууланды. Ошондой эле, DUMANAEV_MODELS мектебинен билим алууга сертификатар тапшырылды.

Сынак  жогорку денгээлде өтүп, катышуучуулар өз өнөрлөрүн тартуулаштты. Иш -чарага: КУАУнун Мамлекеттиктил жана тарбия иштери боюнча проректор С.Т. Батаканова, DUMANAEV_MODELS моделдик агенттигинин негиздөөчүсү А.Думанаев, SAFE.TRAVEL.KG компаниясынын директору Аскат Марасулов жана  Б.Бейшеналива атындаыгы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти А. Токтокадыров, профессор-окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты.катышышты.