Вы сейчас просматриваете МТжАББИда  “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” – аттуу иш-чара өткөрүлдү.

МТжАББИда “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” – аттуу иш-чара өткөрүлдү.

2022-жылдын 3-октябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун Мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” – аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада институттун мүдүрү, т.и.к., доцент Мелис уулу Данислан студенттерге мамлекеттик тилдин азыркы абалы, көйгөйлөрү, келечеги тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле, институттун таланттуу студенттери кыргыз акындарынын ырларын, макал-лакаптарын көркөм окушту, классикалык ырларын ырдашып, кыргыз бийлерин бийлешти.