2022-жылдын 28-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Маалымат системалары жана аралыктан билим берүү институтунун (ИИСиДО) студенттери Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Чыңгыз Айтматов – улуу ойчул” аттуу иш-чара өткөрүштү. Аталган иш-чарада Ч.Айтматов чыгармаларында жалпы адамзаттык маселелерди көтөргөндүгү жана алар жаштарга тарбиялык мааниси зор экендиги тастыкталды. Иш-чарада жазуучунун чыгармаларынан инсценировкалар көрсөтүлүп, монологдор айтылып, көркөм окуулар окулуп, ырлар аткарылды. Иш-чарага институтун профессор-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.
2022-жылдын 28-ноябрында
- Автор записи:iisido.knau.kg
- Запись опубликована:28.11.2022
- Рубрика записи:Новости