Вы сейчас просматриваете 2022-жылдын 1-декабрында

2022-жылдын 1-декабрында

2022-жылдын 1-декабрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Улуттук Олимпиада комитетинин 30 жылдык мааракесине карата иш чара өткөрүлдү. Иш-чарага: Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, РИАнын академиги, Нургазиев Рысбек Зарылдыкович, дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку жана Олимпиаданын чемпиону, даңазалуу спорт чебери Каныбек Осмоналиев, КР Спорт журналисттеринин федерациясынын башкы катчысы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Макешов К.А, КР Маданиятына эмгек сиңирген кызматкери Жуманазаров Д., проректорлор, түзүмдүн жетекчилери, декандар, директорлор, профессор-окутуучулар жамааты, студенттер катышышты. Жолугушууда Каныбек Осмоналиев өзүнүн жогорку даражага жетишинин себебин, өмүр жолун, кылган эмгегин баяндоо менен азыркы жаштарга эмгектенүү, билим алуу, ыймандуулук жөнүндө кызыктуу баяндама жасады. Жыйындын соңунда К.Осмоналиев жана К.А.Макешов биздин университеттин китепканасына китептерди белекке беришти.