Вы сейчас просматриваете К.И.Скрябин атындагы КУАУнин студенттери РФнын Сочи шаарында өткөрүлгөн “Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына”катышты.

К.И.Скрябин атындагы КУАУнин студенттери РФнын Сочи шаарында өткөрүлгөн “Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына”катышты.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 3-курсунун студенти Алдаярова Жумабүбү, Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун 2-курсунун студенти Турдубаев Арсен 2024-жылдын 1-7-март күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөрүлгөн “Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына”катышып келишти. Аталган фестивалга: Кыргыз Республикасынан Ишкердик, Эл аралык, Кызматташтык, Маданият, Билим берүү, Ыктыярчылык, Кайрымдуулук, Спорт жана ар кандай тармактарынан 253 студент, мектеп окуучулары, дүйнө жүзүнөн 20 000 ге жакын жаш лидерлер катышышты. Жаштардын Бүткүл дүйнөлүк фестивалы ачык- айкын, актуалдуу баарлашуунун жана келкчектүү ой жүгүртүүлөрдүн зор майданы болду.