2024-жылдын 31- октябрында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун алдындагы «Маалымат технологиялары» орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ПИ-1-24 тайпасында кыргыз тили сабагынан ачык сабак өттү. Сабакка институттун окуу – методикалык кеӊешмесинин төр айымы ф-м. и. к., доцент Жусупбаева Г. А., мүчөлөрү Кудабаева Б, Четин Н. З. жана бөлүмдүн башчысы пед. и. к. доцент Кудайбергенова Ж. А. катышышты.
Сабак эки этаптан турду. Биринчи этапта студенттердин чыгармачылыктарын өнүктүрүү, өстүрүү максатында көркөм окуулар болуп өттү. Кыргыз тилинин кабыл алынышынын 35 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыктын алкагында, бул кыргыз тили жөнүндөгү көркөм окууларлар жана даярдалган видео материал абдан жакшы деңгээлде болду.
Бул аракет мамлекеттик тилибиздин баркын көтөрүп, сыйлоого, кыргыз тили аркылуу кыргыз каада салттарын, улуттук маданиятты терең үйрөнүүгө шарт түзүп, үйрөтөт.
Сабактын экинчи этабында грамматикалык тема «Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн түрлөрү»- деген темада өтүлгөн сабак таймаш формасында өттү, эки топтун таймашында студенттердин сабакка болгон даярдыктары,кыргыз тили сабагына болгон мамилеси байкалды. Өзгөчө Алманбетова Акылзат, Нурланова Нурзаида, Суучулова Шахиста, Турдалиева Насиба, Шаршенбеков Байэл, Пайзиллаев Дөөлөтбек ж. б. студенттер активдүү катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтө алышты. Сабактын жыйынтыгында эки топ тең, баа куржундарына бирдей упай топтоп, топтор бирдей көрсөткүч көрсөтүштү. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Илипбаева Венера Жумагазиевна өзүнүн тажырыйбалуулугун, билим деңгээлин көрсөтүп, бүгүнкү сабакты эң жогорку деңгээлде жыйынтыктады.