Вы сейчас просматриваете Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-октябрында студенттер кунуно карата арноо концерти болуп отту

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-октябрында студенттер кунуно карата арноо концерти болуп отту

2024-жылдын 30-октябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «1-курстун студенттерине арноо» салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрулду. Салтанатка: Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, КР УИАнын жана РИАнын академиги, Нургазиев Р.3, Г.А. Балян Фондунун негиздеечусу, «Данк» орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген экономисти, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу башкы консулу, техника илимдеринин кандидаты, Балян Г.Г. Г.А. Балян атындагы фонддун директору, «Карвен Спорт Клуб» ЖЧКсынын башкы директору, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент, Балян С.А., проректорлор, декандар, директорлор, профессор-окутуучулар жана студенттер катышты. Университеттин ректору, академик Р.3. Нургазиев 1-курстарды куттуктап, студенттердин билим алуусуна, чыгармачылык енугуусуне тийиштуу шарттар тузулгенуне жана студенттерде гумандуулук мамилени калыптандырууга жана ар бир студенттин ез алдынчалуулугун эске алуу менен бирге, алардын гармониялык енугуусун камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер жургузулуп жаткандыгына токтолду. Иш-чарада мыкты окуган, коомдук иштерге, студенттик илимий конференцияларга, форумдарга, дебаттарга ж.б. жигердуу катышкан 15 студентке профессор Г.А. Балян атындагы стипендия ыйгарылды. Сонунда, Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттеринин жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттеринин концерттик программасы тартууланды.

Добавить комментарий