Вы сейчас просматриваете Факультативдик саат

Факультативдик саат

КРнын Билим жана илим министрлигинин  2024-жылдын 8-январындагы №3/1 буйругуна ылайык, 2023-2027-жылдарга КРнын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча 5-декабрь 2024-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү» институту менен «Маалымат технологиялары» орто кесиптик билим берүү бөлүмү биргеликте  факультативдик саат өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жогорку технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарды ачуу бөлүмүнүн өкүлдөрү: жогорку технологияларды колдонуу менен  жасалган кылмыштарды ачуу бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Алсеитов Самат Жусупович, кибер кылмыштуулук менен күрөшүү  бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Шаршенбиев Руслан Жеӊишбекович, Бишкек шаарынын кибер кылмыштуулугу менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы милициянын майору Кадыржанов Акрам келишип факультативдик саат өткөрүштү. Иш-чарага институттун жана биздин колледждин студенттери  активдуу катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор мамлекеттик чек араларды коргоо жана бекемдөө, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү, заманбап технологиялардын кылмыштарды ачууда канчалык маанилүү роль ойной турганын түшүндүрүп, алардын иштөө принциптери тууралуу кеӊири маалымат беришти. Студенттер үчүн өзгөчө кызыктуу болгон тема — киберкоопсуздук жана анын замандаш жашоодогу орду болду.

Жолугушуу интерактивдуу форматта өтүп, студенттер ар кандай суроолорду берип, алардын ар бирине канааттандырарлык жоопторду алышты. Иш-чаранын сонунда студенттер конокторго ыраазычылык билдирип, мындай жолугушууларды көбүрөөк уюштуруу зарылчылыгын белгилешти. Бул иш-чара студенттер үчүн маанилүү тажрыйба алып келүү менен, алардын билимдерин кеӊейтүүгө чоӊ өбөлгө түздү.

Добавить комментарий