Вы сейчас просматриваете Ата-Бейит улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде көчмө сабак уюштурулду.

Ата-Бейит улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде көчмө сабак уюштурулду.

2024- жылдын 27- сентябрында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университетинин маалымат системалары жана аралыктан билим берүү институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ПОВТиАС-2-24 группасынын студенттери кыргыз адабияты сабагынан Касым Тыныстановдун өмүр жолун терең окуп үйрөнүү максатында жана Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө терең маалымат алуу максатында Ата-Бейит улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде көчмө сабак уюштурулду. Бул сабактын жүрүшүндө студенттер саясий репрессиянын курмандыгы болгон А.Сыдыков, И. Айдарбеков, Ж. Абрахманов, А. Орозбеков, И. Арабаев жана улуу жазуучу Ч. Айтматовдун орчундуу эмгектери, эли жери үчүн кылган кызматтары жөнүндө кеңири түшүнүк алышты. Кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими Илипбаева Венера 1937-1938 жылдардагы репрессиянын курмандыктары болгон 137 адам жөнүндө жана  2010- жылдагы Апрель окуясында көз жумган мекендештерибиз жөнүндө кеңири  түшүнүк берип, ошол жерде жайгашкан музейлерде болуп, кызыктуу  маалымат алып кайтышты.

Добавить комментарий