2025-жылдын 1–4-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын Универсиадасында жогорку лигадагы бокс боюнча мелдеште К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик-техникалык факультетинин 2-курсунун студенти Талантов Эламан 92 кг. салмактагы категорияда 2-орунду, ал эми Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун 1-курсунун студенти Замиров Азим 3-орунду ээлешти.
Жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланышты.



