2025-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын Универсиадасында биринчи лиганын САМБО мелдешинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жалпы командалык эсеп боюнча, 3-орунду ээледи.
Жекече эсепте:
Агрономия жана токой чарба факультетинин 3-курсунун студенти Нурмамат уулу Адахан – 2-орун;
Экономика жана менеджмент факультетинин 1-курсунун студенти Сайдинов Дастан – 2-орун;
Агрономия жана токой чарба факультетинин 3-курсунун студенти Такинов Дастан – 3-орун;
Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 1-курсунун студенти Ишенкулов Кутман – 3-орун;
Агрономия жана токой чарба факультетинин 1-курсунун студенти Кадырбаев Нурислам – 3-орунду ээледи.
Машыктыруучу Исмаилов Жыргалбекке Ардак грамота ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр кубок, грамота жана медалдар менен сыйланышты.




