05-ноябрь 2025-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун алдындагы «Маалыматтык технологиялар» орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө 1-курстун студенттеринин ата-энелери үчүн жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды бөлүм башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Кудайбергенова Жылдыз Абыкановна жана ПИ-1-25, ПОВТиАС-1-25, ПОВТиАС-2-25 тайпаларынын куратору Токтошева Назик алып барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер менен төмөнкү маселелер талкууланды:
- студенттердин сабакка катышуусу жана окуудагы жетишкендиктери;
- студенттердин тышкы келбет маданияты;
- окуу үчүн контракттык төлөмдөр боюнча маалымат;
- ар бир студенттин жеке кабинети менен тааныштыруу.
Жыйын ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү, студенттердин билим алуу процессине болгон жоопкерчилигин жогорулатуу жана өз ара кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөдү.


