2026-жылдын 26-февралында университеттин «Дене тарбия жана спорт» кафедрасы Республикалык жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өтө турган Универсиадага карата студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө машыктыруучулар жана студенттер мелдешке даярдык көрүү иштеринин жүрүшү, машыгуу процессинин өзгөчөлүктөрү жана уюштуруучулук маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү. Курама командалардын курамы, даярдык деңгээли жана алдыдагы мелдештерге болгон максаттар тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор айтылып, сунуш-пикирлер угулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерден түзүлгөн курама командаларга ийгилик кааланып, университеттин намысын татыктуу коргоого жана жогорку спорттук көрсөткүчтөрдү жаратууга чакырык жасалды.
Университет жамааты спортчуларга бекем ден соолук, ийгилик жана жеңиштерди каалайт.




