Вы сейчас просматриваете Универсиада–2026: КУАУ студенттери дзюдо боюнча байгелүү орундарды ээлешти

Универсиада–2026: КУАУ студенттери дзюдо боюнча байгелүү орундарды ээлешти

2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында Универсиаданын алкагында дзюдо боюнча мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Аталган мелдешке К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери активдүү катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алышты. Алар төмөнкүдөй байгелүү орундарды ээлешти:
• Экономика факультетинин 3-курсунун студенти Темирбеков Эрзат — 3-орунду ээледи;
• Гидромелиорация факультетинин 2-курсунун студенти Бексултанов Эрзат — 2-орунду ээледи;
• Техникалык факультеттин 4-курсунун студенти Абылгазиев Манас — 4-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Добавить комментарий