"МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР"
КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

Биз жөнүндө

           “Маалыматтык технологиялар” орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн негизги милдети атайын орто билими бар IT адистерди даярдоо болуп саналат.

“Маалыматтык технологиялар” кесиптик орто билим берүү бөлүмү:

  • 230109– «Автоматташтырылган системаларды жана эсептѳѳ техникаларын программалык камсыздоо»
  • 230110– «Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»
  • 230701– «Колдонмо информатика» (тармактар ​​боюнча) адистиктер боюнча адистерди даярдайт.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык №4512/1 2023-жылдын 30-июну (Лицензиялоо Кеңешинин чечиминин  29-июнь 2023-жылдын № 9-12 протоколу) лицензиялар (№С2022-0001 2022-жылдын 29-апрелинен серия LS220000554), маалыматтык технологиялар  боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмү  мындан ары К. И. Скрябин атындагы КУАУнун маалыматтык системалар  жана аралыктан билим берүү институтунун алдындагы “Маалыматтык технологиялар” орто кесиптик билим берүү бөлүмү деп аталып ректордун буйругу менен бекитилет.

«Маалыматтык технологиялар» боюнча ОКББгга биринчи кабыл алуу 2023-жылы 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн базасында «Автоматташтырылган системаларды жана эсептѳѳ техникаларын программалык камсыздоо» адистиги боюнча 30 студент кабыл алынды. Маалыматтык технологиялары боюнча ОКБББнын бүтүрүүчүлөрүнө «техник-программист», «техник» квалификациясы ыйгарылган диплом берилет.

Маалыматтык технологиялардын профилдик дисциплиналары боюнча окуу процессин уюштуруу үчүн заманбап компьютердик класстар бар. ОКБББнын студенттери атайын лабораторияларда, университеттин профилдик кафедраларынын окуу аудиторияларында окушат, алар заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Маалыматтык технологиялар боюнча ОКБББнын педагогикалык коллективи 15 окутуучудан турат, алар негизинен «Колдонмо информатика жана маалыматтык технологиялар» кафедрасынын окутуучулары болуп саналат жана кошумча иштешет. Бардык окутуучулар жогорку билимдүү, алардын арасында 2 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты жана 4 билим берүүнүн мыктылары эмгектенишет.

Окуу процесси менен катар студенттер өздөрүнүн инсандык гармониялуу өнүгүүсүнө да мүмкүнчүлүк алышат — алар ар кандай иш-чараларга жана спорттук мелдештерге катышышат, бул иш-чаралар ЖОЖ ичинде да, колледждер арасында да өткөрүлөт.

Акыркы жанылыктар

The current query has no posts. Please make sure you have published items matching your query.

«Маалыматтык технологиялар» боюнча ОСПОнун түзүмү

Кудайбергенова Жылдыз Абыкановна

кандидат педагогических наук, доцент. Заведующая отделением среднего профессионального образования «Информационные технологии».