2026-жылдын 21–22-мартында Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын Универсиадасында жогорку лигадагы оор атлетика боюнча мелдеш болуп өттү.
К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери өз салмак категорияларында ийгиликтүү катышып, 3-орунду ээлешти:
• 3-курсунун студенти Осмонов Бусурманкул — 3-орун;
• 2-курсунун студенти Абдуллаев Сулайман — 3-орун.
Жеңүүчүлөр дипломдор жана коло медалдар менен сыйланышты.