2026-жылдын март айынын соңунда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында Универсиаданын алкагында бир катар спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Атап айтканда, 2026-жылдын 28-мартында жогорку лигадагы кыргыз күрөшү боюнча мелдеш уюштурулуп, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Кубанычбеков Абдрахим 72 кг салмак категориясында ийгиликтүү катышып, 3-орунду ээлеп, диплом жана коло медаль менен сыйланды.
Ошондой эле, 2026-жылдын 26–29-март күндөрү биринчи лигадагы шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү. Анда К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери ийгиликтүү катышып, командалык эсепте 3-орунду ээлешти. Команданын курамы:
• Талант кызы Сезим (Тех-1-23)
• Жаныбековна Индира (БТх-1-25)
• Нарынбаева Назима (БТх-1-25)
• Асылбекова Альбина (БТх-1-25)
Жеңүүчүлөр дипломдор, коло медалдар жана кубок менен сыйланышты.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин биринчи лигадагы теннис боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мында университеттин студенттери жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, командалык эсепте 3-орунду камсыз кылышты. Команданын курамы:
• Абаева Айназик Роллановна (ПИЭ 1-23)
• Абаева Айтурган Роллановна (АИЭМ-1-24)
• Сейитбекова Нестан Арыстанбековна (АИЭМ-1-24)
Жеңүүчүлөр дипломдор, коло медалдар жана кубок менен сыйланышты.
Университеттин студенттеринин бул жетишкендиктери алардын спортко болгон кызыгуусун жана даярдыгынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады.


