2025-жылдын 14-ноябрь күнү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту жана анын алдындагы «Маалыматтык технологиялар» орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан студенттер үчүн киберкоопсуздукка арналган түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жогорку технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарды ачуу бөлүмүнүн өкүлдөрү — бөлүм башчысы, милициянын полковниги Алсеитов Самат Жусупович жана кибер кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн улук оперкызматкери, милициянын подполковниги Каравай Святослав Александрович катышып, 1–4-курстун студенттерине кеңири лекция өтүштү.
Лекцияда экстремизм, терроризм, киберкылмыштуулук, интернет аркылуу жасалган ар түрдүү алдамчылык схемалары тууралуу кеңири баяндалды. Акыркы мезгилде жаштар арасында көп кездешкен интернет-кооптонуулар — социалдык тармактардагы жеке маалыматтарды уурдоо, жасалма баракчалар аркылуу алдамчылык, онлайн-карта жана мобилдик банктардан мыйзамсыз акча чыгарып алуу, инвестиция жана бонус убада кылган фейк шилтемелер боюнча мисалдар талданып берди.
ИИМ өкүлдөрү студенттерге шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө, купуя маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөгө, тастыкталбаган шилтемелерди ачпоого жана интернетте өздүк маалыматтарын коргоого чакырышты.
Ишаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу жолдору, коомдук тартипти сактоо, жаштар арасында сый-урматты бекемдөө боюнча практикалык сунуштар айтылды. Ошондой эле студенттер санариптик маданиятка, интернетти коопсуз жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга үндөлдү.
Иш-чара жаштарды тартипке чакыруу, жоопкерчилик сезимин өнүктүрүү жана коомчулукта жакшы жүрүм-турум көрсөтүүнүн маанисин түшүндүргөн мазмундуу жана пайдалуу жолугушуу болду.




