Колдонмо информатика жана маалыматтык технологиялар кафедрасы

2

ПРОФЕССОР

4

ДОЦЕНТ

6

УЛУУ ОКУТУУЧУ

1

АССИСТЕНТ

2

ИНЖЕНЕР

КАФЕДРАНЫН МИССИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүүсүнө салым кошууга умтулган, коомдун талаптарына жооп берген жана прикладдык информатика жана маалымат технологиялары чөйрөсүндө атаандаштыкка туруктуу адистерди даярдоо.

КЕЛЕЧЕКТИ КѲРҮҮСҮ

Жогорку кесиптик билим берүүнүн стандарттарынын жана «Санариптик Кыргызстан» Мамлекеттик программасынын талаптарына ылайык, маалыматтын теориясы жана практикасы жаатындагы заманбап изилдөө ыкмаларына жана технологияларына ээ болгон, эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Багыттар жана профилдер / программалар

Кафедра төмөнкү багыт боюнча адистерди даярдайт: 710200 – Маалыматтык системалар жана технологиялар; 710300 — Колдонмо информатика.

Ишкананын экономикалык процесстерин талдай алат, экономикалык процесстердин математикалык жана структуралык моделдерин түзө алат, экономикалык процесстерди маалыматташтыруу милдетин туура коё алат, маалыматтык системаны долбоорлоо үчүн техникалык тапшырманы даярдайт, анын долбоорун аткара алат жана ишке ашырат,  ишкананын ар кандай деңгээлдеринде маалыматтык системаларды пайдаланып, коштоп,  модернизациялай алат.

            Окутуунун максаты – экономика, математика, программалоо жана маалыматтык технологиялар жаатында ар тараптуу билимге, бизнес-процесстердин реинжиниринги боюнча теориялык негиздерге жана практикалык көндүмдөрүнө ээ, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен экономикалык маселелерди кесипкөйлүк менен чече билген, ар кандай багыттагы жана уюштуруу-укуктук таризи  менен уюмдарда маалыматтык системаларды долбоорлоого, конфигурациялоого жана ишке киргизүүгө жөндөмдүү «Колдонмо информатика» (профиль – «Экономикадагы колдонмо информатика») багыты боюнча бакалаврларды даярдоо. 

            Информатик-менеджерди даярдоодо студенттердин заманбап технологияларды жана уюмдун корпоративдик билимдерин жана маалымат ресурстарын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу принциптерин үйрөнүүсүнө, билимди башкаруу  жана маалымат алмашуу куралдарын түзүү көндүмдөрүнө ээ болушуна чоң маани берилет.

Кесиптик ишмердүүлүк жаатына ылайык 710200- Маалыматтык системалар жана технологиялар даярдоо багыты ар кандай даярдоо профилдерин камтышы мүмкүн.

            Маалыматтык системалары жана технологиялары даярдоо багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: маалыматтык процесстер, технологиялар, системалар жана тармактар, алардын инструменталдык (программалык, техникалык, уюштуруучулук) камсыздоосу, төмөнкү багыттар боюнча маалыматтык технологияларды жана системаларды долбоорлоонун, оңдоонун, өндүрүүнүн жана эксплуатациялоонун жолдору жана ыкмалары: илим, техника, билим берүү, медицина, башкаруу, юриспруденция, бизнес, ишкердик, менеджмент, банк системалары, маалыматтык системалардын коопсуздугу, башкаруу технологиялык процесстер, курулуш, транспорт, темир жол транспорту, байланыш, телекоммуникация, маалыматтык коммуникацияларды башкаруу, почта байланышы, айылдык экономика, тамак-аш өнөр жайы, биотехнология, тоо-кен, геология, геодезия жана картография, геомаалымат системалары, токой комплекси, экология, тейлөө тармагы, медиа системалары, дизайн жана ошондой эле ар түрдүү профилдеги ишканалар жана маалымат коомунун экономикасынын шарттарында  бардык ишмердүүлүк түрлөрү.

            Экономикалык маалымат системаларынын программисти; адис аналитик; программалык камсыздоо, маалымат кызматтары жана компьютерлер рыногу боюнча адис; маалымат технологиялары боюнча билими бар кеңири профилдеги экономист; маалыматтык жана уюштуруучулук  тейлөө бөлүмдөрү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуучу; маалыматтык камсыздоо кызматтарынын жетекчиси.

Бөлүмдүн курамы

УМАРОВА МАРИЯ

Бөлүм башчысы
«Колдонмо информатика жана маалыматтык технологиялар»,
Экономика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу, КР билим берүүсүнүн отличниги

E-mail: maria_0602@inbox.ru

Сулайманова Света Мукашовна

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор
sulai@bk.ru

Ысманалиев Токтобек Болотович

улуу окутуучу
ytbol1957@gmail.com

Ибраев Алмазбек

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
almazbek.ibraev@bk.ru

Абдулдаева Нурзада Сарыгуловна

улуу окутуучу
nabduldaeva@mail.ru

Аскарова Нурила Аскаровна

улуу окутуучу
askar_nur@mail.ru

Жусупбаева Гульзат Амангельдиевна

физика-математикалык илимдеринин кандидаты, доцент
ga08@mail.ru

Кудайбергенова Жылдыз Абыкановна

пед. илимдеринин кандидаты.
jyldyz071@mail.ru

Омурзакова Чолпон Шайлообековна

пед. илимдеринин кандидаты
shailoobekovna@list.ru

Сагындыкова Кенже Жаныбековна

улуу окутуучу
kenje551@rambler.ru

Султангазиев Эсентур Түгөлбекович

улуу окутуучу
esentur_sultanga@mail.ru

Туратбеков Бактыбек Туратбекович

улуу окутуучу
turatbekov.baktybek@bk.ru

Бакирова Нуржан Адылбековна

окутуучу
nurjan.adylbekovna@gmail.com

Кадыркул уулу Марат

инженер-программист
marat091294@mail.ru

Нурдин уулу Улан

инженер-программист
vip.skullcandy@mail.ru

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

Информатика кафедрасы 1991-жылы 29-ноябрда ф-м.и.к., профессор Р.Табышовдун демилгеси менен уюшулуп, кафедранын штаттык бирдиги 18 кызматкерден турган. 1991-1998 жана 2001-2003-жылдар аралыгында кафедраны Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Табышов Р. жетектеген. Кафедрада «ЭЭМ лабораториясы» иштеп, анын штатында 5 инженер-программист, жетекчиси болуп Ысманалиев Т.Б. эмгектенген. Учурда лаборатория «Компьютердик жана тармактарды тейлөө бөлүмү» болуп өзгөртүлүп, КУАУнун өзүнчө түзүмү болуп саналат. 2011-жылга чейин кафедраны доценттер: Осмонов К.Т., Чороев К.Ч., Жакыпбеков К.Ж., Давлеталиев Ж.А. жетектеген жана республикага белгилүү окумуштуулар – профессорлор Жусупбаев А.Ж., Чечейбаев Б.Ч., Талыпов К.К., Шамбетов З.С. эмгектенишкен. 2003-жылы кафедранын базасында «Инновациялык технологиялар институту» түзүлгөн. Учурда институт “Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту (МСАББИ)” деп аталып, кафедра 2021-жылдан бери бул институттун түзүмүнө кирет. 2011-жылдан бери кафедраны э.и.д., профессор Умарова М. жетектеп келет. Кафедрада маалыматтык технологиялар, компьютердик системалар, программалоо иштери боюнча кесипкөй адистер иштейт жана алардын көбүнүн педагогикалык тажрыйбасы мол. Кафедрада 13 кызматкер эмгектенет: 2 профессор, 4 доцент, 4 улук окутуучу, 1 ассистент жана 2 инженер, анын ичинен 3 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги бар.