Маалыматтык технологиялар борбору

МТБ өз ишинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставын, университеттин өнөктөштөр ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимдерин жана макулдашууларын , фонтдор, фирмалар, жеке жактар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. МТБ өз ишин жүзөгө ашырууда университеттин окуу бөлүмү, деканаттары, кафедралары жана башка окуу түзүмдөрү, ошондой эле КУАУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги менен өз ара аракеттенет. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары университетти маалыматташтыруу процессин, кабыл алынган маалыматтык жана билим берүү технологияларын колдоо, университеттин аппараттык-программалык комплексинин үзгүлтүксүз иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана аткаруу болуп саналат. Борбор ошондой эле AVN маалымат тутумунун серверин башкарат жана тейлейт жана университеттин веб-ресурстарына жана анын бөлүмдөрүнө маалыматтык колдоо көрсөтөт.

Борбордун негизги максаттары:

МТБ билим берүү чөйрөсүнө жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү жана университетти маалыматташтыруу көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү максатында түзүлгөн. МТБ нун негизги милдети университеттин маалыматташтыруу инфраструктурасын түзүүгө, иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылууга катышуу болуп саналат. МТБ өз ишин жүзөгө ашырууда университеттин окуу бөлүмү, деканаттары, кафедралары жана башка окуу түзүмдөрү, ошондой эле КУАУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги менен өз ара аракеттенет. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары университетти маалыматташтыруу процессин, кабыл алынган маалыматтык жана билим берүү технологияларын колдоо, университеттин аппараттык-программалык комплексинин үзгүлтүксүз иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана аткаруу болуп саналат. Борбор ошондой эле AVN маалымат тутумунун серверин башкарат жана тейлейт жана университеттин веб-ресурстарына жана анын бөлүмдөрүнө маалыматтык колдоо көрсөтөт.

Previous slide
Next slide

Маалыматтык технологиялар борборунун кызматкерлери.

Дуйшеев Ринат Тагайбекович

Борбордун жетекчиси

Тел: 0312 54 52 15

email: renat_93_aktal@mail.ru

Кубатов Изамат Сабырбекович

WEB иштеп чыгуучу жана AVN администратору

Тел: 0312 54 52 15

email: izamat312@gmail.com

Керимбек уулу Черикбай

Программалык камсыздоо инженери жана SMM менеджери

Тел: 996705643473

email: cherikbai@bk.ru

Үсөнбай кызы Гулбара

Программалык камсыздоо инженери

Тел: 0312 54 52 15

E-mail: guliusonbaieva@gmail.com

Борбордун негизги максаттары:

1. МТБнын билим берүү, окуу-методикалык жана илимий ишмердүүлүк жаатындагы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат::

AVN, AVNLMS, AVNTEST маалымат системасын башкаруу, колдоо жана тейлөө; КУАУнун “knau.kg” почта ящиктерин уюштуруу жана башкаруу; университеттин веб-сайттарын түзүү жана аны системалуу жаңыртуу; КУАУнун социалдык тармактарын башкаруу жана жаңылоо; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын уюштуруу, актуалдаштыруу жана толтуруусун контролдоо; университеттин билим берүү порталын башкаруу жана аны системалуу жаңыртуу.

2. МТБнын өндүрүштүк ишмердүүлүк жаатындагы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Билим берүү ишин башкаруу жаатындагы маалыматтык ресурстардын кесиптик маалымат базаларын жана билимдерин долбоорлоо, түзүү жана өнүктүрүү
  • – МТБнун жабдууларын иштөө абалында кармоо, программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу жана уюштуруу;
  • – билим берүү ишмердигин башкаруу боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу, орнотуу жана коштоо, AVN, AVNLMS, AVNТЕSТ маалыматтык системасын уюштуруу.
  • – КУАУ жана E-kyzmat Инфоком тарабынан Электрондук документ жүгүртүүнүн маалыматтык системасын администрациялоо, коштоо жана тейлөө;
  • – университеттин студенттерине, окутуучуларына жана кызматкерлерине маалыматтык жана техникалык кызматтарды (маалыматтык технологиялар жаатында) көрсөтүү;
  • Серверлердин интернети/ Интернет серверлеринин бирдиктүү тутумун долборлоо жана иштеп чыгуу;
  • – интернетке кирүүнү пайдалануу боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • – компьютердик техниканы жана локалдык эсептөө тармагынын элементтерин оңдоону уюштуруу;
  • -билим берүү процессин (аудиториялык сабактарды)маалыматтык
  • -техникалык камсыздоо;
  • – бөлүмдөрдүн жаңы маалыматтык технологияларга болгон муктаждыктарын изилдөө, экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылуу жана телекоммуникациялык, компьютердик жабдууларды, оргтехниканы жана программалык каражаттарды борбордоштуруп сатып алууну уюштурууга катышуу;
  • – университеттин эсептөө техникасынын каражаттарын, коммуникациялык жабдууларын жана оргтехника каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу жана контролдоо системасын уюштуруу;
  • – университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалыматташтыруу маселелери, жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
  • – МТБ жабдууларын иштөө абалында кармоо, программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу жана уюштуруу;
  • – билим берүү ишин башкаруу боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу, орнотуу жана коштоо, КУАУ жана E-kyzmat Инфоком тарабынан Электрондук документ жүгүртүү системасын уюштуруу.