Эл аралык билим берүү программалар борбору

Эл аралык билим берүү программалар борбору (ЭАББПБ) көп тармактуу эл аралык билим берүү программаларын, долбоорлорду жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Эл аралык билим берүү программалары – бул өзүңө тиешелүү кесипти  өркүндөтүү менен бирге тажрыйба топтоого  чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет.

 ЭАББПБ Маалымат системалары жана аралыктан билим берүү институтунун түзүмүнө кирет. Кыргыз Республикасынын билим берүү, эл аралык жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзамдарынын, жоболорунун, жана ошондой эле университеттин уставынын, ректордун буйруктарынын, эл аралык түзүлгөн келишимдердин  негизинде иш алып барат.  Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыты – чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын эл аралык билим берүү программаларына тартуу жана окутуу, окутуучулар үчүн илимий практикаларды өтүүсүнө жана студенттердин академиялык  түрдө алмашып окуусуна шарт түзүп берүү.

ЭАББПБдин максаты – биргелешкен эл аралык билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу академиялык кызматташууну өнүктүрүү.

 ЭАББПБдин негизги милдеттери:– КУАУ жана чет өлкөлүк өнөктөш университеттер менен биргеликте жалпысынан эки диплом берүү максатын ишке ашыруу үчүн Маалымат системалары жана аралыктан билим берүү институтунун жоболоруна ылайык билим берүү кызматтарын көрсөтүү процессин колдоо жана координациялоо;- өнөктөш университеттер менен түзүлгөн келишимдердин алкагында эл аралык программаларды, долбоорлорду координациялоо жана колдоо;- эл аралык билим берүү чөйрөсүндө КУАУнун өнүгүү концепциясынын көйгөйүн чечүүгө катышуу. ЭАББПБдин негизги функциялары:– биргелешкен билим берүү программаларында студенттердин эл аралык академиялык мобилдүүлүгүн колдоо;- Маалымат системалары жана аралыктан билим берүү институтунун эл аралык билим берүү программаларын, анын ичинде эки дипломду алуу үчүн атайын  биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана  ишке ашыруу;- маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо, борбордун ишинин багыты боюнча отчеттук документацияларды жазуу;- КУАУнун расмий сайтына жайгаштыруу үчүн борбордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтык материалдарды даярдап берүү.

Ибраева Нурила Мукашевна

Борбордун жетекчиси, э.и. кандидаты

E-mail: ibraevanurila@mail.ru

Максимова Наргиза Самарбековна

Башкы адис

E-mail: nargiza.maksimova86@mail.ru

Арстанбекова Айгерим Алмаcбековна

Жетектөөчү адис

E-mail: aika8917@mail.ru