Спорттук машыгуу борбору
Кыргыз улуттук агрардык университетинде дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө терең көңүл бурулган. Университетте заманбап спорт залы, стадиону жана ар кандай спортук аянтчалары бар. Акыркы убакта университеттин жетекчилиги тарабынан студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын арасында спортту өнүктүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Айта кетсек университетте бардык шарттары бар, заманбап спорттук объектилер курулуп жана жаңыланып жатат. 2015-жылы КУАУда заманбап спорттук даярдоо борбору ачылды. Бул борбордо ар кандай спорттун түрлөрү боюнча (бокс, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, фитнес) машыгуулар өткөрүлөт. Андан сырткары университеттин спорттук аянтчаларында футбол, волейбол жана ордо аянтчалары курулуп бүттү.
Болотбек уулу Айдар
Спорттук машыгуу борборунун жетекчиси,
волейбол боюнча спорттун мастерлигине талапкер,
Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү,
"Теңир-Тоо" волейбол клубунун оюнчусу
Previous slide
Next slide