Маалыматтык тутумдар жана аралыктан билим берүү институту

Технология дүйнөсүндөгү сиздин өнөктөшүңүз

Институт жөнүндө

Маалымат системалары жана аралыктан билим берүү институтунун миссиясы - заманбап, интеграцияланган, заманбап коом талап кылган жаңы компетенттүүлүктү жана квалификацияны калыптандырган инновациялык мүнөздөгү билим берүү программаларын ишке ашыруу болуп саналат. Институт жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт, ар кандай деңгээлдеги билим берүү программаларын ишке ашырат, заманбап байланыш каражаттарынын жана маалымат технологияларынын негизинде жетекчилердин жана адистердин квалификациясын жогорулатат. Институттун ишмердүүлүгү маалымат технологияларын бирдиктүү координациялоого жана билим берүү процессин санариптештирүүгө, ошондой эле КУАУнун спорт тармагы ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган. Институт эл аралык билим берүү, илимий жана маданий долбоорлорго катыша алат, жана ошону менен бирге адистердин, студенттердин чет өлкөлөрдө билим алуусуна жана практика өтүүсүнө шарт түзүп берет. Учурда институтта күндүзгү жана сырттан-аралыкта окутуу бөлүмүндө жалпысынан 16 багыт боюнча 1800дөн ашуун студенттерди окутат. 50дөн ашуун жогорку квалификациялуу окутуучулар билим берүүгө жана илимий иштерди жүргүзүүгө салымдарын кошуп келет.

Институт жөнүндө

Институттун өзүнүн өнүккөн материалдык базасы бар, окуу процессин жана илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн заманбап компьютердик технологиялар иш алып барат, андан сырткары спортту өнүктүрүү үчүн машыгуу залдары, спорт залы заманбап спорттук жабдуулар менен жабдылган. Институтта чет тилдерин (англис, немис жана кытай) жаңы билим берүү технологияларын колдонуп, эң мыкты деңгээлде үйрөтүүгө багытталган методдору менен эне тилдүү адамдардын үйрөнүүсүнө чоң көңүл бурат. Биздин бүтүрүүчүлөр электрондук технология жана окуу системасын инновациялык башкаруу жаатында иштей алышат. Институттун бүтүрүүчүлөрү техникалык долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге жаңы жогорку деңгээлдеги технологиялык өнүмдөрдү түзүшөт, ошондой эле инженердик жана инновациялык уюмдарда иштөөгө толук түрдө мүмкүнчүлүктөрү жетет. Бүтүрүүчүлөр өз тармагынын мыкты кесипкөй адистери жана ошондой эле ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү жаш илимпоздор катары калыптанышат.

Акыркы жаңылыктар

2022-жылдын 22-мартынан 26-апрелине чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун студенттери арасында “Универсиада-2022” өткөрүлдү.Универсиадага К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенттери спорттун 24 түрү боюнча катышып, …

Ордо

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлардын универсиадасында I – лиганын ОРДО мелдеши боюнча биринчи орунду ээлегендиги учун К.И. Скрябин атындагы КУАУ курама командасы …

Эл аралык билим берүү программалары борборунун  башкы адиси Арстанбекова Айгерим  менен Маалыматтык технология борборунун инженер-программисти Алмаз уулу Арген биргеликте 2021-жылдын апрель айында Агрономия жана токой …