2022-жылдын 22-мартынан 26-апрелине чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун студенттери арасында “Универсиада-2022” өткөрүлдү.
Универсиадага К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенттери спорттун 24 түрү боюнча катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
I орун – оор атлетика жана ордо боюнча;
II орун- бокс жана сууда сүзүү боюнча;
III орун – жеңил атлетика боюнча ээ болушуп, кубок, грамота, сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул жеңиштерди камсыз кылган машыктыруучулар, физкультура жана спорт кафедрасынын окутуучулары:
- Оор атлетика боюнча – Исмаилов Жыргал Турарбекович;
- Ордо боюнча – Өмүрзак уулу Алтынбек;
- Бокс боюнча – Алмашов Мамыт Уябаевич;
- Жеңил атлетика боюнча – Дуйшеева Гульмира Темирбековна.